АСМЭРА
Jump to navigation
Jump to search
АСМЭРА , А с м а р а ‒ Эритрея мамлекетинин борбор шаары. Асмэра провинциясынын адм. борбору. Эфиопия тайпак тоосунун түндүгүндө, деӊиз деӊг. 2300 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 663,9 миӊ (2010). Жолдор тоому. Темир жана автомобиль жолдору аркылуу Кызыл деӊиз жээгиндеги Массауа порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 13‒14-к. ченде негизделген. Ун-т (1958-жылдан Италия бөлүмү, 1968-жылдан англ. бөлүмү), жалпы элдик китепкана, тамак-аш, текстиль, тигүү, полиграфия, курулуш материалдар өнөр жайы бар. Ири соода борбору.