АСМА КОНСТРУКЦИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСМА КОНСТРУКЦИЯЛАР , к у р у л у ш м е х а н и к а с ы н д а ‒ негизги элементтери чоюп керүүчү гана күчтөрдү кабыл алуучу курулуш констр-лары. Ал элементтер болот зым аркан, чынжыр зым, зым тор жана калдыркандан жасалат. А. к. аз каражат жумшалып, оӊой курулуучу жеӊил констр-ларды тургузууга мүмкүндүк берет. Көпүрө салууда, кенен имараттарды жабууда мейкиндик вант системалары, катуу калдыркан жана серпилме жука констр-лар көбүрөөк колдонулат. Мейкиндик вант системасынын түрү көп. Ал көбүнчө кайчылашкан зым аркандан түзүлгөн тордон турат. Катуу калдыркандын жүк көтөргүч негизги элементтери ‒ кайчылаш салынган болот аркандар. Куруу убагында тордун үстүнө бетон же темир-бетон плиталары жабылып, алардын жиктерине бетон, цемент эритмеси куюлуп бекитилет. Серпилме конструкциялар көбүнчө калдыркан элементтерден

Асма конструкциялардын түрү: а ‒ чоӊ аралыкты жабууда колдонулуучу вант формасы;
Асма конструкциялардын түрү: б ‒ эки жантайма аркага тартылган тор; в ‒ алдын ала чыӊалтылган тор.

же кендир таардан жасалат. Бийик түркүктөр аркылуу капчыгайдан же дарыядан өткөрүлгөн ийилме түтүктөр да А. к-дын түрүнө кирет. Мында керүүчү күчтөр болот аркандары бекитилген темир-бетон алкактарга, түркүктөрдүн үстүнө коюлган шакектерге берилет.