АСКЕРДИК МЕДИЦИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:05, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРДИК МЕДИЦИНА– медицинанын аскер кызматкеринин саламаттыгын сактоо боюнча илимд. теориясын жана практикасын изилдөөчү, ошондой эле аскер кызматкерлерин медициналык жактан тейлөөнү, согуш шартында алган жараатты дарылоону ишке ашыруучу тармагы. Тынчтык мезгилде аскер бөлүктөрүндө дарылоо, оорунун алдын алуу жумуштарын жүргүзөт; медциналык биринчи жардам көрсөтүүнүн ыктарын ж. б. үйрөтөт. Согуш убагында жарадарлардын өмүрүн сактоо, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн күрөшөт. КРде А. м. кызматын аткаруучу такай иштөөчү мекемелердин тармактары, согуш ардагерлеринин ооруканасы, аскердик госпиталь ж. б. бар.