АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР ШАЙМАНДАРЫ — аскер кызматчыларынын жарак-жабдыктарын салып жүрүүгө арналган буюмдардын комплектиси. А. ш-на: бел кур, ийин кур, граната жана автоматтын огун салуучу сумка, фляга жана күрөк кап, мээлей, буюм мүшөгү, талаа сумкасы, тапанча кабы ж. б. кирет. Офицерлер менен сержанттар жана жоокерлердин А. ш-нда айырмачылыктар бар.
Э. Ы. Кадыров.