АСАНАЛИЕВ Абдыбек Жекшеевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:45, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНАЛИЕВ Абдыбек Жекшеевич (15.05. 1961-ж.т., Ысык - Көл обл., Ысык-Көл району, Өрнөк айылы) – айыл чарба илимдеринин доктору (2009). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1983). КАЧИде кенже илимий кызматкер (1987–88), илимий кызматкер (1989–90), ассистент (1990–91), доцент (1991–96), агрономия факультетинин деканы (1996–2000), кафедра башчы жана КУАУнин окумуштуу катчысы (2000–20). Дан өсүмдүктөрүнүн (арпа, жөгөрү), чанактуу өсүмдүктөрдүн (жер жаңгак, нокот, төө буурчак) агротехникалык ыкмаларын жана үрөнчүлүгүн уюштуруунун алдыңкы ыкмаларын иштеп чыккан (авторлош), өндүрүшкө колдонууга жетишкен. 2009–18-ж. Бириккен Улуттар Уюмунун UNDP жана FAO агенстволорунун, Дүйнөлүк Банктын эксперти, жергиликтүү ж-а эл аралык консультанты. фермерлердин өнүгүүсүнө, студенттердин билим алуусуна түз позитивдүү таасирин тийгизген. Анын 80ден ашык илимий макалалары, кеңештери, окуу китептери жергиликтүү ж-а эл аралык басмалардан жарык көргөн. КРдин агрардык илимдеринин жетишкендиктерин илимий жана өндүрүштүк коомчулукка таркатууда ролу зор. Айыл чарбасынын отличниги (2011), билим берүүнүнүн отличниги (2018). Эмг.: Attaining Food Security in the Kyrgyz Republic trough the Rational Use of Natural Recourses . In book: Food Policy Reforms in Central Asia.-Washington.-2000., p. 147-156; Evaluation of microsatellite-based genetic diversity, protein and mineral content in chickpea accessions grown in Kyrgyzstan. Hereditas. 151: 81-90. 2014. PP.80–90. 2014; Пищевая и семенная цепочки в сельском хозяйстве Кыргызстана и торговля. Доклады Таджикской академии сельскохозяйственных наук. №3.-с. 17-26. 2015