АРХИТЕКТОНИКА
Jump to navigation
Jump to search
АРХИТЕКТОНИКА (гр. architektonike – курулуш өнөрү) – архитектурадагы эстетиканын сырткы көрүнүшү, негизги жана ага байланыштуу каражаттардын көлөмү менен кооздолушу жагынан шайкеш келиши. Бардык архитектоникалык каражаттар жана ыкмалар композициянын предметтик-маанилик элементтери менен тыгыз байланышта болуусу керек, б. а. имараттардын жана курулмалардын конструкциясы жана анын ар кандай бөлүктөрү өз ара жарашыктуу биригип, эстетикалык жогорку деңгээлге жетет.