АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ
Jump to navigation
Jump to search
АРТИЛЛЕРИЯЛЫК ЧАБУУЛ– чабуул учурундагы артиллериянын күжүрмөн аракеттеринин жыйындысы. А. ч. согушта артиллериянын, жөө аскерлердин, танкалардын биримдикте аракеттенүүсү менен душмандын коргонуусуна тереңдете үзгүлтүксүз, бир мезгилде сокку уруп жок кылуу максатын көздөйт. А. ч. 3 мезгилге бөлүнөт: чабуулду даярдоо, чабуулду колдоо жана душмандын коргонуусуна тереңдеп кирген жөө аскер менен танкалардын аракетин колдоону камсыз кылуу.