АРТЕМИДА ХРАМЫ
Jump to navigation
Jump to search
АРТЕМИДА ХРАМЫ– гректердин аял Кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес ш-нда курулган храм. Мрамордон салынган. Анын курулушу 120 жылга созулуп, б. з. ч. 550-ж. ченде бүткөн. Храм өтө асем кооздолгондугу, кымбат баалуу буюмдарынын молдугу менен атагы чыккан. А. х. кийин бузулуп жок болуп кеткен.