АРСТАНБАП
Jump to navigation
Jump to search
АРСТАНБАП – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Арстанбап айыл аймагынын борбору. «Арстанбап-Ата» токой чарбасынын аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктикте, Арстанбап суусунун боюнда жайгашкан. Paйондун борбору Базар-Коргон шаарынан 53 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 87 км. 1870-ж. чейин отурукташкан. Калкы 15 509 (2022); негизинен токойчулукта эмгектенет. Эки орто мектеп, ФАП, оорукана, клуб, китепкана ж. б. бар. Кыштакка жакын балдардын эс алуу жайы, «Арстанбап» туристтик базасы, «Арстанбап» пансионаты жайгашкан.