АРСЕНАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЕНАЛ (фр. arsenal, итал. arsenale, ар. дар ас-синаа – өнөркана, устакана) – курал-жарак жана ок-дары кабыл алуу, аларды сактоо, каттоого алуу жана аскерлерге таратып берүүгө арналган аскердик мекеме. A-да курал-жарактарды оңдоо, жыйноо, айрым бөлүктөрүн жасоо да жүргүзүлгөн. 19-к-дын аягына чейин көпчүлүк мамлекеттерде А. деңиз жана кургактагы аскерлер үчүн курал-жарактар менен ок-дарыларды чыгарган. А. – з-ддордун алдында курал-жарак жана ок-дары сактоочу кампалары болгон. Германияда – Мюнхен, Францияда – Лион, Англияда – Вулидж, АКШда – Франкфорд ж. б. А-дар болгон. Россияда «Замбирек куюу үйү» деп аталган Москва А. (Кремлде), 1712-ж. Санкт-Петербургда «Куюу иши жана замбирек жасоо үйү», 1765-ж. Киев А., 1783-ж. Брянск А. салынган. Кронштадт менен Севастополдо деңиз А. пайда болгон. 20-к-дын башында курал-жарактарды жасап чыгаруу өнөр жайдын өз алдынча тармагы катары бөлүнүүсүнө байланыштуу А. алгачкы маанисин жоготуп, тек гана кампа же база катары пайдаланып калган.