АРПА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПА КӨРҮСТӨНҮ– б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосуна таандык археол. эстелик. 1944-ж. Ат-Башы р-нунун Арпа суусунун оң өйүзүндөгү Жалгыз үй деген жерде 2 көрүстөн табылып, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Көрүстөндүн диаметри 12–18 м, бийикт. 0,40–0,60 м 1-көрүстөндүн көлөмү төрт чарчы, капталындагы жалпак таштары кырынан орнотулган. 1- көрүстөндөн чопо идиш, 2-көрүстөндөн чоподон жасалган 3 идиш (экөөнүн бетинде оймосу болгон), идиштерден тышкары, өрттөп көмүлгөн адамдын сөөк калдыктарын табышкан. 1945-ж. дагы төрт көрүстөн казылып, алардан өрттөлгөн адамдын сөөк калдыктары, көрүстөндүн биринин ич жагындагы коргончосунан күлдүн калдыктары, өрттөлгөн адамдын сөөгү, жылдызча түрүндөгү 36 шуру, оюусу жок 2 чопо идиш, 2 коло билерик жана шурулар табылган. Изилденген бардык эстеликтер андрон мезгилине таандык деп аныкталган.

К. Табалдиев.