Тармактык Энциклопедия:HTML
09:29, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата MMEE_Comp>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Hyper Text Markup Language). Интернетке жетүүгө мүмкүндүк берген жана байланышты уюштурган документтер жыйындысы Дүйнөлүк тармак деген ат менен бизге белгилүү. Тармакта байланышкан ар бир документ Web-барагы деп аталат, ал текст, график, аудио жана видеону камтыган гипербайланыштагы документ болуп саналат. Тармак барагынын авторлору HTML аттуу атайын калыптуу тилди пайдаланышат. HTML программалоо тили болуп эсептелбегени менен, тармак барактарына текстти, графикти, аудио, видеону жайгаштыруу жана калыптоо үчүн тиешелүү синтаксистик эрежелерге ээ. HTML кодун жазууда каалаган тексттик редакторду же текстти иштетүүнүн стандарттуу пакеттерин пайдаланса болот. Ошондой эле HTML редактору өзү тармак барагын түзүүдө дагы колдонулат. HTML редакторунун эки түрү бар: автономдуу жана кошумчаланган. Автономдуу редактор өз алдынча редакциялоочу толук програмдар пакети, б.а. ал тармак барагын түзүүдө кошумча програм талап кылбайт. Кошумчаланган HTML редактору – тармак барагын түзүү үчүн тексттик процессор сыяктуу башка програм пакетин талап кылган оңдоолорду аткаруучу аспап катары колдонулган програмдык жабдык. Кошумчаланган HTML редакторунун артыкчылыгы негизги жана кошумчаланган програмдык жабдыктын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү окшош болгондуктан үйрөнүүгө жеңил.