АРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРМИЯ--(Фр. armee, лат. armo – куралдандыруу) _ I) кургактагы аскерлер, аскер-деңиз флоту; 2) мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн жалпы жыйындысы; 3) аскердик оперативдик бирикме. Мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн көбөйүшү, алардын кеңири фронтто жайгашуусу жана ар түрдүү багытта аракеттенчү аскер топторун башкаруунун кыйындашы, о. эле согуш аракеттерин жүргүзүүгө таасир тийгизген жаңы факторлордун пайда болушу бир эле согуш театрында бир нече А-ны түзүү зарылчылыгын туудурат. Ap бир А-нын номери, өзүнчө штабы, тылы, Аскердик совети болот. А. командачынын жетекчилиги менен жекече оперативдик милдеттерди аткарат. Бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөрдүн түрүнө, курамына, ишке ашыруучу милдеттерине карай А. төмөнкүчө бөлүнөт: Аба чабуулунан коргонуучу А., Авиациялык А., Абадесант А-сы, Жалпы аскердик А., Танк А. ж. б. Адам коомунун тарыхында туруктуу А., жалданма А., дыйкандар А., атчандар А. сыяктуу А-дын болгондугу белгилүү. Эгемендүүлүккө ээ болгону Кырг-н да 1992-ж. өзүнүн аскердик уюмун түзгөн.