АРИСТОКСЕН
АРИСТОКСЕН Тарентский (б. з. ч. 360, Таранто - б.з.ч. 300, Греция, Афины) – байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетиктер мектебинин өкүлү. Ал «Гармониянын элементтери», «Ритмиканын элементтери» эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетиктердин окуусу менен бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка жана ритм ж-дө байыркы спекулятивдик матем. окууну түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу аркылуу, көп кылымдар бою иск-вого таасирин тийгизген, музыкага киришүү синтезин түзгөн жана жандын, дененин байланышын муз. гармония, лиранын катыштары менен салыштырган. А.– философтордун таржымалын же пифагорчулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн бири. Анын көз караштары азыркыга чейин талкууланып келет.