АРИД РЕЛЬЕФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:35, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИД РЕЛЬЕФИ – рельеф пайда кылуучу процесстердин таасири астында чөл, жарым чөлдөрдө

жана кургак талааларда калыптанган рельефтин тиби. Ал шамалдын (дефляция, эол-аккумуляциялык), чөл үбөлөнүүсүнүн, убактылуу курул­ган агын суулардын эрозиясынын аракетинен түзүлөт. Дөңсөө, плато, тоо этеги жана тоолорго ариддик денудация жана эрозиядан пайда бол­гон рельефтин (педименттер, бедленддер, каксоо жерлер) формалары, ал эми түздүктөр менен ойдуңдарга таштуу чөлдөрдүн түрдүү типтери, эол рельефтүү (бархандар, кум дөбөлөрү ж. б.),шортоң жерлүү жана көлдүү чуңкурчактар, такырлар мүнөздүү.