АРГЫНДАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГЫНДАШТЫРУУ – тукум куума касиеттери ар түрдүү организмдерди кайчылаштыруу же кыйыштыруу; өсүмдүк жана жаныбар селекция ыкмаларынын бири. Табияттагы биол. формалардын эволюциясындагы негизги фактор болуп эсептелет. Өсүмдүк жана малды чарбалык баалуу белгилери б-ча тандоодо, о. эле жаңы порода (сорт) чыгарууда баштапкы материал болуучу гибрид жана метис, чалыш, аргын алуу үчүн, асыл тукум ишинде породаларды жакшыртуу жолу катары же малдын кунардуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Анын түрдүү жолдору бар. Ал тектеш жана тектеш эмес болуп бөлүнөт. Тектеш эмес А-нун түрлөрү: порода аралык (сорт аралык), линия аралык, түпкү тегинен А. Мал чарбасында А. метистештирүү деп аталып, аскания кою, ала-тоо ую, кыргыз уяң жүндүү кою ж. б. породалар чыгарылган. Өсүмдүк жасалма жана табигый жол менен аргындашат. Табигый А. шамаал, чымын – чиркей ж. б-дын жардамы менен жүрөт. Жасалма A-ну адам жүргүзүп, өсүм­дүктүн ар кандай пайдалуу сорттору алынган. к. Гибриддештирүу.