ЖАМАНБАЕВА Тамара Кусеин кызы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:21, 14 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖАМАНБАЕВА (Бакиева)''' Тамара Кусеин кызы (14. 5. 1943-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – туңгуч кыргы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖАМАНБАЕВА (Бакиева) Тамара Кусеин кызы (14. 5. 1943-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – туңгуч кыргыз теледиктору, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2008), Кыргыз ССР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1989), СССР телерадиосунун отличниги (1970), Кыргыз Республикасынын телерадиосунун отличниги (2003), «Даңк» медалынын ээси (2002), Эл аралык Кувейт университетинин журналистика кафедрасынын профессору.

Тамара Жаманбаева Кыргыз телекөрсөтүүсү негизделген алгачкы жылдан тарта эфирге чыгып, жагымдуу үнү, келбеттүү өңү менен таанылып, 16 жашынан элдин эрке кызына айланган. Түрдүү жанрдагы телекөрсөтүүлөрдү жогору чеберчилик менен алып барып, дикторлуктан жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Чыгармачылык ишиндеги ийгиликтери, жетекчилик милдеттериндеги талыкпас кызматы мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир нече бийик сыйлыктардын ээси болду. Эс алуу курагын да пайдалуу өткөрүп, жаш кадрларга билим берип, профессорлук кызматты аркалап келе жатат.

Өмүр таржымалы

Фрунзе медициналык окуу жайын (1959), Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин (1968) бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1959–1975), Программа боюнча директордун орун басары (1974–1988), илимий-популярдык жана кино редакциясынын, Борбордук телерадиого көрсөтүүлөрдү даярдоо редакциясынын, Ош облустук телерадиокомитетинин башкы редактору, төрайымы (1988–1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясында программа боюнча директор (1992–1994), вице-президент (1994–1995), «Замана» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери (1995–2005, 2008), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын радио боюнча координациялык борборунун директору (2005–2007) болуп эмгектенген. 2009-жылдан «Ибарат» маданий борборунун продюсери. «Б. Миңжылкыевдин аткаруусундагы романстар» аттуу телетасманын, республиканын юбилейлик даталуу күндөрүнө арналган көптөгөн телекөрсөтүүлөрдүн сценарийлеринин автору.