АРБИТРАЖ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРБИТРАЖ[фр. arbitrage – арбитр, ортомчу, третейлик (аралык) сот] – тараптардын макулдашуусунун негизинде талаш-тартыш маселелерди сот органдарына эмес, айрым адамдарга - арбитрлерге же третей (аралык) сотторго (судьяларга) кайрылып чечүүнүн ыкмасы (методу). А. жарандардын жана уюмдардын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу соттук формага карата жол альтернативдүү болуп эсептелет. Анын өзгөчөлүгү – иштердин каралыш тартиби жана арбитрлердин персоналдык курамы тараптардын макулдашуусу менен аныкталышы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте дайындалышы. А. негизинен соода операцияларынан, жүк ташуудан, товар жеткирүүдөн ж. б. чыккан мүлктүк талаш-тартыштарды чечет. А. органдарынын функцияларын третейлик (аралык) соттор аткарат. О. эле ара­лык А., улуттук А., б. а. мамл. жана ведомстволук – деп экиге бөлүнөт.