АРАФАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАФАТ– Мекеге жакын (20 км.дей) жайгашкан жердин аты. Сауд Арабстанында. Уз. 11-12 кмге жеткен өрөөндөн жана аны түндүктөн чектеген жалча тоолордон турат. А. мусулмандардын эң негизги сыйынуу расмиси – ажылыктын (хадж) каадасы өтүүчү жер. Эл ичинде айтылган уламыштар б-ча А. тоосунун этегинде бейиштен куулган Адам ата менен Обо эне кездешкен. Бул жер ислам кабыл алынганга чейин Илал деп аталып, зыярат кылуучу ыйык жай болгон. Бүгүнкү күндө сыйынуучу жер катары дүйнөгө белгилүү.