АРАЛАШ ТОКОЙ
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛАШ ТОКОЙ – ар түрдүү тукумдагы, көбүнчө ийне жана жазы жалбырактуу дарактар өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне, жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр жана ийне жалбырактуу ж. б. болуп бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый А. т. көп кездешет, атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.