АРАКЕТСИЗДИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТСИЗДИК – коомго коркунучтуу жосундун экинчи түрү жана кылмыш курамынын объективдүү белгилеринин бири. А. – жазык-укуктук маанисинде адамдын аракетинин пассивдүү жагы. Ал адам тарабынан өзү жасоого тийиш болгон айкын активдүү аракеттерди мүмкүнчүлүгү болсо да, жасабагандыгын көрсөтөт. Ошондуктан А. коомго коркунучтуу же болбосо кылмыштуу деп эсептелинет. Адам өзүнө атайын жүктөлгөн милдеттерди аткарбаса, жазык жообуна тартылышы мүмкүн. Адамдын аракет кылууга карата милдети ар кандай укуктук ченемдерде каралышы керек. Алар төмөндөгүдөй: 1) эгерде Жазык кодексинде аракет кылууга милдеттүүлүк түздөн-түз көрсөтүлсө, мис., адамдар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жашырбай укук коргоо органдарына билдирбей жаап-жашырса, Жазык мыйзамынын негизинде жоопко тартылышы мүмкүн; 2) аракет кылууга милдеттүүлүк адамдардын тууганчылык мамилелерине негизделсе, мис., ата-эне жашы жетпегендерди тарбиялоо б-ча милдеттерди аткар­баса же болбосо балдарды багуудан качса, жоопкерчиликке тартылат; 3) аракет кылууга мил­деттүүлүк атайын келишимден же болбосо адам­дын мурдагы иш-аракетинен келип чыкса, мис., врач оорулууну дарылоону мыйзамсыз токтотуп койсо, ошонун натыйжасында ал адам оор абалга дуушар болсо же айдоочу автотранспорту менен жолдон адамды койдуруп, жардам көрсөтпөстөн, автомашинасын токтотпой качып кетсе, мыйзам алдында жооп берет; 4) аракет кы­лууга милдеттүүлүк кызматтык, кесиптик, ата­йын тапшырмалардан, келишимдерден ж. б. жагдайлардан чыгып кетсе, мис., ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыш жасап жаткан адамды кармоодон же болбосо тергөөчү, прокурор жазык ишин козгоодон атайылап баш тартса, өзүлөрү сөзсүз жооп беришет. Бирок адамдын ошол учурда, ошол шартта зарыл ара­кеттерди жасоого иш жүзүндө мүмкүнчүлүгү бар беле деген суроо такталмайынча, ал адам жа­зык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.
К. Бодобоев, К. Курманов.