АППЕНДИЦИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АППЕНДИЦИТ – мөөндүн туюк учундагы өсүндүнүн (аппендикс же «сокур ичеги») сезгениши. Кишинин ичегисинде демейде ар түрдүү микроорганизмдер жашайт. Айрым учурда, каткан заң же мите курттар аппендиксте чогулуп же ага ичегидеги чиритүүчү заттардын өтүшү, о. эле анын ийрилип же тартылып калышы же ичегидеги микроорганизмдер аны сезгентет. Буга көбүнчө туура эмес тамактануу, зандын катышы себеп болот. А. менен ар кандай жаштагы кишилер оорушат. Анын катуу кармоочу жана өнөкөт түрлөрү бар. А. сезгенүүнүн түрүнө, жайылышына жана аппендикстеги өзгөрүүгө жара­ша катардык, флегмоналык, гангреналык, перфоративдик болуп бөлүнөт. А-тин гангреналык жана перфоративдик (жарылган) түрлөрү перитонитке алып келет. Катуу кармаган A-те кээде, киндик тегереги же ичтин оң жагы сайгылашып ооруйт. Көп учурда, адегенде ич бүт ооруп, бир нече сааттан кийин ооруган жер курсактын оң жагына (сокур ичеги жайгашкан тарапка) өтөт. Бара-бара оору катуулап, жөтөлгөндө, сол жак капталга оодарылганда күчөйт. Кээде ичтен жел чыкпай, заң катат же ич өтүшү мүмкүн. Катуу кармоочу А. кабылдоосуз өтсө, бир суткадан кийин, сезгенүүнүн белгилери басаңдап, оорулуунун жалпы абалы жакшырып, ал өнөкөт түрүнө өтөт. Мында сокур ичегинин тушу дайыма акырындык менен же анда-санда сайгылашып, тартышып ооруганы сезилет, оорулууулуу­нун көңүлү айнып, ичи катышы ыктымал. Бул учурда врачка тез кайрылуу керек. Врачка че­йин ооруну басаңдатуучу же ич өткөрүүчү дарыларды колдонуу, ичтин ооруган жерине жылыткыч басуу, ичегини тазалоочу клизма жасоо өтө коркунучтуу. Себеби мындай чаралар дарттын белгилерин өзгөртүп жиберүү менен бирге ооруну ого бетер ырбатып, өмүргө чоң зыян келтирет. Операциям жолу менен дарыланат.