АПИЙИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:43, 22 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПИЙИМ (Papaver) - өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы бир жана көп жылдык сүттүү өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө ЗОдан ашык, Кыргызстанда 9дай түрү кездешет. Сабагы тик, бийиктиги 80-150 см, бутактанбайт, сыртынан бозомтук болуп турат. Тамыры жерге терең кирип өсөт. Канат

АПИЙИМ 14.png

сымал кесилген жалбырагы кезектепшп жайгашкан. Айрымдары 1ден 20га чейин богок байлайт, чоң гүлү жалгыздан, ак, кызыл, көгүш. Мөмөсү- кутуча, уругу майда, анда 48–50% май, 20% белок, быша элек кутусун кескенде чыккан сүтүндө 20дан ашык алкалоид, анын ичинде мор­фин, кодеин ж. б. бар. Анын пайдаланышына жараша бардык сорттору эки топко – май жана дары-дармек алынуучу болуп бөлүнөт. Уругу кондитер өнөр жайында колдонулат. Анын ооруну басаңдатуучу дары алынуучу түрүн Кыргызстанда өстүрүүгө БУУнун конвенциясы 1961, 1971, 1988-ж. тыюу салган.