АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ– мыйзам күчүнө кире элек сот өкүмү жана чечимин өзгөртүш үчүн жогорку инстанцияга даттануу. Апелляциялык сот даттанууну кайрадан изилдейт да төмөнкү соттун чыгарган өкүмүн шексиз далилдер менен кубаттайт же төгүнгө чыгарат. Байыркы Римде император Юстиниандын (527-565) тушунда А.д.сот өндүрүшүнүн маанилүү элементи катары колдонула баштаган. Батыш Европада борборлошкон мамлекеттердин пайда болушуна байланыштуу сот өндүрүшү андан ары улантылып.Римдин укук ин-ттарынын рецептурасынын негизинде граждандык укук процесстери калыптанган. Кийин Рим укуктарында калыптанган даттануу системасы Германиянын граждандык процессуалдык кодекси (1877, 1806) жана Франциянын кылмыш-жаза процессуалдык кодекстери менен биротоло бекемделген. Учурдагы дүйнөлүк укук таанууда сот чечимин өзгөртүү б-ча даттануунун бирдиктүү формасын кассация деп аташат. КРдин кылмыш иштер б-ча А. д. укугу соттолгон же акталган адамга, алардын адвокаттарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө, күнөөлөчү адамга жана анын өкүлүнө, жабыр тартуучуга жана анын өкүлүнө таандык. Жарандык доочу, жарандык жоопкер жана алардын адвокаты жарандык доого тиешелүү иштин бөлүгүн токтотуу ж-дө өкүм же анын токтому тууралуу даттанууга укуктуу. А. д. тиешелүү облустук, Бишкек ш. жана КРдин аскер соту тарабынан каралат. Анын берүү тартиби, мазмуну, даттануу жана мөөнөтү ишти кароо эрежелери б-ча жүзөгө ашырылат.

Т. Асанов