АПАЧИ
АПАЧИ, а п а ч е (өздөрүн дине, нде, тинде деп аташат) – АКШнын түш.-батышындагы индей – атапаска элдеринин тобу. A. уруулары Аризона, Нью-Мексико, Оклахомадагы резервацияларда жашашат. АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматы б-ча А. уруулар тобуна кирген калктын жалпы саны 111 810, анын ичинде «таза кандуу» А-лер 63 193 адамды түзөт (2010). А. атабаск тилинде сүйлөшөт, англис жана испаи тили да кеңири колдонулат. Дини – христианчылык, о. эле шаманизмди туткандар, баптисттер ж. б. бар. А-лерге тектеш элдер – навахолор. А. 6 топко бөлүнөт: батыш А-лер, чирикауалар, мескалеролор, хикарильялар, липандар, кайова А-лер. А-дин 14–15-к-да АКШнын түш.-батышына жана Мексиканын түндүгүнө миграцияланышы, алардын этникалык өзгөрүшүнө алып келген. А-лер аңчылык (кийинчерээк европалыктардын таасири менен атчан аңчылык кеңири жайылган), жер-жемиш жыйноочулук, дыйканчылык менен кесиптенишип, алачык жана бадал жыгачтарынан салынган жупуну үйлөрдө жашашкан. А-лер 1886-ж. чейин испандык (1540), мексикалык жана амер. (1845) колониялаштырууга каршы туруктуулук менен күрөшүп келишкен. 1850-ж. А-ди резервацияларга көчүрүү башталган. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаңы тармактары: мал чарбачылык, фермердик, токой иштетүүчүлүк ж. б. өнүгүп жатат.