АОРИСТ
Jump to navigation
Jump to search
АОРИСТ – индевропа тилдериндеги этиштин өткөн чакта колдонуучу формасы. Ал кыймыл-аракеттин жүрүп жатканын же аяктаганын билдирбейт, бирок аталган эки түрдүү маанисине каршы коюлуп колдонулат. Мис., кыргыз тилинде аналитикалык формасынан аорист көрүнүшүн байкоого болот. “Окуп жаткан – окуп чыккан” кыймылдын эки башка мүнөздөмөсүн билдирет. Ал эми “окуган”, “окуп жатканга” да, “окуп чыкканга” да каршы коюлуп колдонулат. Мына ушундай көрүнүш аорист деп түшүндүрүлөт.