АНТРОПОСОФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОСОФИЯ (антропо... жана гр. sophia - акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий табияты («рух ж-дөгү илим») жана аларга жетүүнүн ыктары тууралуу окуу. Немец философу Р. Штейнер тарабынан негизделген. 1913-ж. А-лык коом түзүлүп, аны ушул идеялык агымдын негиздөөчү катары өзү жетектеген. 1996-ж. коомдун мүчөлөрү 53 миңге жеткен. Бул окуу адам рухунун, жан дүйнөсүнүн сезим кудуретинен тыш. б. а. ашкере сезгичтик жактарын изилдөөгө алат. Адам өзүн космикалык жан (существо) катары таануу менен өзүндө өтө ашкере сезгичтик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу аалам менен адамдагы жашыруун күчтөрдүн байланышын табууга жол ачат. Ал эми аларды таанып билүүгө алып барчу жол адамдын жан дүйнөсүнүн тереңинде жатат.

Г.Т.Ботоканова.