АНТОНИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТОНИНДЕР Рим императорлорунун династиясы (96–192); Антонин Пийдин ысымынан аталган. Антониндердин белгилүүлөрү: Нерва (96–98), Траян (98–117); Адриан (117–138), Антонин Пий (13–161), Марк Аврелий (161–180) жана Коммод (180–192). А-дин тушунда монархиялык бийлик биротоло чындалып, бюрократиялык аппарат түзүлгөн. Антониндердин башкарган убагы Рим империясынын гүлдөө учуру болгон. Бирок Адриандын тушунда кризистин белгилери пайда болуп, Марк Аврелий башкарган мезгилден тартып империянын кубаты начарлай баштаган.