АТМОСФЕРА БАСЫМЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ атм-дагы абанын жер бетине ж-а андагы бардык нерсеге болгон гидростатикалык басымы. А. б. ‒ атм-нын абалын мүнөздөөчү негизги чоӊдук, атм-нын ар бир чекитиндеги басым анын жогору жагындагы абанын салмагы м-н аныкталат. Бир литр абанын салмагы 1,2928 г, ал 1 см2 аянтка 1033 г басым жасайт. А. б. барометр же гипсотермо метр м-н өлчөнөт. Ал миллибар (мбар), ньютондун чарчы метрге болгон катышы (н/м2) же 0°Сге келтирилген барометрдеги сымап мамычасынын бийиктиги (760 мм) ж-а оордук күчүнүн ылдамдануусунун нормалдык (деӊиз деӊг. ж-а 45° кеӊдик б-ча) чоӊдугу м-н туюнтулат. Кабыл алынган нормалдуу А. б. 760 мм сым. мам. =1013,25 мбар =101325 н/м2. Бийиктик жогорулаган сайын А. б. азая берет: 5 км бийиктикте А. б. жер бетиндегиден эки эсеге аз. Ал жер бетинде ар кайсы жерлерге ж-а убакытка жараша өзгөрүп турат. Бирок түрдүү өзгөрүүлөргө (циклон ж. б.) карабастан, жер бетиндеги жылдык орт. А. б. бир калыпта болот. Деӊиз деӊгээлиндеги бийиктикте байкалган эӊ төмөнкү басым 584 мм, эӊ жогорку 808,7 мм.