АНТИСЕПТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:25, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИСЕПТИКА (анти ... жана гр. septikos -ириң) – химиялык, физикалык, биологиялык каражаттарды колдонуу менен зыяндуу микробдордун өсүп, өнүгүшүнө жол бербөө жана жараттын ириңдеп кетүүсүнөн сактоо чаралары. Хирургиялык операцияларда кеңири колдонулуп, жаратка түшкөн микробдорго каршы, ошондой эле дарылоого багытталган. Инфекциялык кабылдоолордун себебин венгриялык акушер И. Земмельвейс жана орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүндүрүшкөн. Н. И. Пирогов сезгенген жаратта «миазм» пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жараттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жаратын, ошондой эле таңгыч материалдарды булгай тургандыгын айткан. 1863-ж. франциялык микробиологу Л. Пастер ачуу жана ириндөө микроорганизмдердин тиричилигинен болорун далилдеген. Англиялык хирург Д. Листер Л. Пастердин изилдөөлөрүнүн жана өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деп, аларга каршы теориялык негизделген чараларды, башкача айтканда антисептиканы сунуш кылган (1867). Бактерициддик каражат катары карбол кислотасы колдонулган. Анын эритмеси менен аспаптар, операция алдында хирургдун колу, операция бөлмөсү тазаланган. Бул ыкма өтө натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол кислотасы микробду өлтүргөнү менен уу болгондуктан, жараттын тканын бузуп, аны менен дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Барабара уусу аз антисептик каражаттар (иоддун спирттеги 5-10% түү эритмеси, спирт, формалин, фурациллин, марганцовка ж. б.), микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору табылды.