АНТРЕПРЕНЁР
Jump to navigation
Jump to search
АНТРЕПРЕНЁР (фр. entrepreneur – ишкер) - жеке менчик оюн-зоок мекемесинин (театр, цирк ж. б.) ээси. А. профессионал өнөрчүлөр топтору жаралганда кошо пайда болгон (16-к.). Коммерциялык пайдага кызыккан А-дон башка театр менен чыг-лык байланышы бар А. да болгон. Андай А-дун милдетин көбүнчө башкы актёр, драматург же режиссёр аткарган. Азыр көп өлкөлөрдө мамл. театр менен катар антреприза деп аталган менчик театрлар да пайда болууда.