АНТИХРИСТ –
Jump to navigation
Jump to search
АНТИХРИСТ –христиан мифологиясы б-ча «акыр заман» болоор алдында келе турган Иисус Христостун душманы. Библияда («Иоанндын аянында»): А. Кудай тарабынан адамдарды сыноо үчүн жиберилет жана анын келиши согуш, ачарчылык, эпидемия ж. б. сыяктуу чоң кыргындарды алып келет. Мунун баары Кудайга болгон ишенимдин жоголушу, дин үгүтчүлөрүн куугунтуктоо жана адеп-ахлаксыздыктын таралышы менен коштолот. Бирок анын бийлиги узакка созулбайт, кайрадан кайтып келген Иисус Христос жеңишке жетишет, - деп айтылат.