АНТИФЕРРОМАГНЕТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТФЕРРОМАГНЕТИЗМ – кристаллдык заттын магниттик ирээттүүлүккө ээ абалы. Мындай абалда заттын бардык атомунун же коңшу атом тобунун магниттик моменттеринин багыттары кристаллдын элементардык ячейкасынын жыйынтыктоочу магниттик моменти нөлгө барабар болгондой багытталат. Антиферромагниттик иретке ээ болгон заттар антиферромагнетик (АФМ) деп аталат. Алмашылма өз ара аракеттешүү А-ге алып келе тургандыгын биринчилерден болуп Л. Неель (1932), о. эле Л. Д. Ландау (1933) да айткан жана парамагниттик фазадан антиферромагниттик фазага өтүү кубулушун изилдеген. А. Неель чекити деп аталган темп-рада байкалат. А-дин пайда болушуна өз ара алмашылма аракеттешүү себепкер. Мындай аракеттешүү спиндердин антипараллель спиндердин пайда болушуна алып келет. А-дик изилдөөлөр азыркы магнит кубулушунун физикасы ж-дөгү көз караштын өнүгүшүнө зор салым киргизди. Жаңы ферромагнетиктер, геликоиддик структура ж. б. ачылды; жаңы кубулуштар: пьезо-магнетизм, магнит-электр эффектиси байкалды; магнетиктерде өз ара аракеттешүүнүн типтери ж. б. кеңейди.