АНТИСЕПТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИСЕПТИКА (анти ... жана гр. septikos -ириң) – хим., физ., биол. каражаттарды колдонуу менен зыяндуу микробдордун өсүп, өнүгүшүнө жол бербөө жана жараттын ириңдеп кетүүсүнөн сактоо чаралары. Хирург. операцияларда кеңири колдонулуп, жаратка түшкөн микробдорго каршы, о. эле дарылоого багытталган. Инфекциялык кабылдоолордун себебин венгриялык акушер И. Земмельвейс жана орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүндүрүшкөн. Н. И. Пирогов сезгенген жаратта «миазм» пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жараттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жаратын, о. эле таңгыч материалдарды булгай тургандыгын айткан. 1863-ж. фр. микробиологу Л. Пастер ачуу жана ириндөө микроорганизмдердин тиричилигинен болорун далилдеген. Англ. хирург Д. Листер Л. Пастердин изилдөөлөрүнүн жана өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деп, аларга каршы теориялык негизделген чараларды, б. а. А-ны сунуш кылган (1867). Бактерициддик каражат катары карбол к-тасы колдонулган. Анын эритмеси менен аспаптар, операция алдында хирургдун колу, операция бөлмөсү тазаланган. Бул ыкма өтө натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол к-тасы микробду өлтүргөнү менен уу болгондуктан, жараттын тканын бузуп, аны менен дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Барабара уусу аз антисептик каражаттар (иоддун спирттеги 5-10% түү эритмеси, спирт, формалин, фурациллин, марганцовка ж. б.), микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору табылды.