АНТИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНТИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯ (б. з. ч. 7–6-к. калыптанган – грек антика философиясы) – мүнөзү жана мазмуну, өзгөчө филос. методу менен байыркы чыгыш филос. системаларынан айырмаланат. Анын өнүгүшүн болжол менен 4 этапка бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) Сократка чейинки этап, ошол мезгилдин философторун досократиктер деп аташкан. 2) Классикалык этап. Ал Сократтын, Платондун жана Аристотелдин таасири жана ишмердүүлүгү менен мүнөздөлөт. 3) Бул учурдагы эмгектердин көпчүлүгү эллинистикалык этап катары аныкталган. 4-сү ошол кездеги чечүүчү күчтөрдүн бири болуп турган Римге туш келет. Көп жагынан ал грек мад-ты менен байланыштуу, о. эле христиан философиясы калыптанат.
Ш. К. Алиева.