АНТЕННА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (16)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТЕННА (лат. antenna – мачта, бийик мамы) – толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу жана таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу А. келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу A-да, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. А-нын формасы, өлчөмү жана констр-сы таралуучу жана кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна жана А-ны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле А. толкунду таратат жана кабыл алат. Таратуучу А. катары колдонулган вибраторду пайдаланып, 1888-ж. немец физиги Г. Герц (Герц диполу) 1=0,6-10 м толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-ж. орус илимпозу А. С. Попов жана ага байланышпастан эле итал. инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу А-ны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот. Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэфф-и (БАК) киргизилген. Узун толкундарды таратууда колдонулуучу А-нын бийикт. 300 мге жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон жана пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал А. пайдаланылат. Орт. толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит А-лары колдонулат.

Зор радиотелескоптун 27 антеннадан турган комплекси.


Кыска толкундуу А. байланыш линиясынын узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу жана ромбдук А-лар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн А-лар бийикт. 100-300 м жана андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги А-лар менен кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта жана радиоастрономияда синфазалык беттик А-лар кеңири таралган. Бул толкундарда колдонулган линзалуу А. линзадан жана анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу А-нын бир түрү – рупордуу-линзалуу А. чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон жана анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү А. параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн жана нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу жана кабыл алуу үчүн спиралдуу жана диэлектрдик А-лар, импеданс А-сы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик жана сантиметрдик толкундар диапазонунда иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес А-лар кеңири колдонулуп жатат. Мындай А-нын кеңири таралган түрү – логомезгилдүү А.
Ад.: Цейтман. Н. М. Антенная техника и радиоастрономия. М., 1976; Кинг Р., Смегт Г. Антенны в материальных сферах: В 2 кн. М., 1984.