АНОА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:21, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОА (bubalus depressicornis) – кепшөөчүлөр түркүмчөсүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү, кээде өзүнчө урууга киргизет. Азыркы жапайы букалардын эң кичинеси; дене узундугу 100-170 см, өркөчүнөн бийиктиги 62-100 см, салмагы 150-300 кг . Мүйүзү кыска, түз, кесилишинде үч бурч, жогору же артын көздөй кайрылат. Түсү кочкул-күрөң, тумшугунун үстүндө, тамагында жана бутунда ак тактары бар; музоосу калың саргыч-күрөң жүн менен капталган. Сулавеси а-н гана мекендейт, демейде саздуу токойдо жана калың бадал арсында жайшайт; антрпогендик ландшафтка кирбейт. Жалгыз же жубу менен жашайт. Жер бетиндеги жана суу өсүмдүктөрү, мөмөлөр менен азыктанат. Жалгыздан, кээде эгиз тууйт. Жергиликтүү эл эти жана териси ( ритуалдык кийим даярдоого) үчүн өтө аңчылык кылгандыктан саны азайып кеткен. ТКЭСтин (МСОП) кызыл китебине катталган. (сүрөтү бар, БРЭ, 2-том, 13-бет).