АНТАРКТИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИДА – Антарктикадагы материк, дээрлик Түштүк уюл тегерегинин ичинде жайгашкан. Аянты 13 975 миң км2. Жээктеринде (узундугу 30 миң кмден ашык) булуң-буйтка аз; бийиктиги ондогон метрге жеткен муздуу тик жарлардан турат. Тынч жана Атлантика океандары тараптан Амундсен, Росс, Уэдделл деңиздери материкке кыйла кирип турат. Түштүк Америка тарапка кууш Антарктида жарым аралы созулуп жатат. Антарктида – дүйнөдөгү эң бийик материк. Муз кыртышынын бетинин орточо бийиктиги 2040 м, б. а. калган бардык материктердин бетинин орточо бийиктигинен 2,8 эсе (730 мге) жогору. Материктин муздун астындагы накта бетинин орточо бийиктиги 410 м; кыйла бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Антарктида башка материктерден зор муз каптоосу менен айырмаланат; материктин аймагынын 0,2–0,3% ин (айрым тоо чокулары менен кырка тоолорду, ошондой эле жээктердеги чакан жерлерди – Антарктида оазистерин) гана муз каптаган эмес.

Антарктиданын жээги.

Муздун ортчо калыңдыгы 1720 м, эң калың жери 4300 мден ашык, жалпы көлөмү 24 млн км3. Муз океанга чейин түшүп, Ронна, Росс, Ларсен ж. б. шельф мөңгүлөрүн пайда кылат. Материктин көп бөлүгүн Антарктида платформасы, калганын Анд (Антарктанд) тоолорунун уландысы болгон Антарктида бүктөлүү кырчоосу түзөт; бул эки регионду бири биринен Уэдделл жана Росс деңиздеринин грабени бөлөт. Антарктида таш көмүргө, темир, жез жана коргошунга бай; бром, калай, марганец, молибден; графит, тоо хрусталы кендери ачылган.
Антарктиданын жеринин бети Жер шарындагы эң ири бөксө тоону түзөт. Антарктиданы баштан аяк кесип өткөн Трансантарктида тоолору материкти геологиялык түзүлүшү жана рельефи боюнча ар башка эки бөлүккө – Батыш жана Чыгыш Антарктидага бөлөт. Чыгыш Антарктиданын борбордук бөлүгүн Совет платосу (бийиктиги 4000 мгe чейин) ээлейт; ал түндүктү карай жапыздап, Эл аралык геодезия жылы өрөөнүн пайда кылат. Жээк бойлой Королева Мод жери кырка тоосу, Чарлз канзаада тоолору ж. б. жайгашкан. Батыш Антарктиданын жери жалпысынан бир кыйла жапыз, кырка тоолор материктин ички аймактарында (Элсуорт тоолорунун бийиктиги 5140 мге чейин – материктин эң бийик жери) жана жээк бойлой жайгашкан. Бийик тоолор терең өрөөндөр менен кезектешип жатат. Негизги тоо көтөрүлүштөр – муз астындагы Гамбурцев жана Вернадский тоолору.
Климатынын өзгөчөлүгү боюнча Антартида үч зонага (бийик тоолуу ички материктик, муз капталы, жээк) бөлүнөт. Ички материктик зона антарктидалык муз тоо платосунун бардык борбордук бөлүгүн ээлеп, такай катаалдыгы,

АНТАРКТИДА
АНТАРКТИДА. Тектоникалык карта

Жер шарындагы эң төмөнкү температурасы, аба ырайынын ачык болушу жана анча катуу сокпогон шамалы менен айырмаланат. Бул зонада кыш айларынын орточо температурасы –60°Сден –70°Сге чейин. Эң төмөнкү температурасы –90°Сге чейин болушу мүмкүн (Чыгыш станциясында –88,3°С температуpa катталган). Муз каптал зонасы ички материктик зонадан түндүктө жайгашып, Антарктиданы жазылыгы 700–800 км келген тилке боюнча курчайт. Мында айлык орточо температура –30°Сден –50°Сге жетет; төмөнкү температура, материктин ички аймактарынан такай соккон катуу шамал жана бурганак мүнөздүү. Жээк зонасы Антарктиданы ичке тилке боюнча курчап, салыштырмалуу жогорку температурасы (кышында –8°Сден –35°Сге чейин, жайында 0°Сден 2°Сге чейин) менен айырмаланат; шамалдын ылдамдыгы 50– 60 м/сек, айрым учурда 90 м/секга жетет. Жаан-чачын Антартидага кар түрүндө гана жаайт (борборунда 30–50 мм, жээктеринде 700–1000 мм). Оазистерине уюлдук чөл тибиндеги ландшафт мүнөздүү. Көлдөрүнүн курамы ар кандай, өтө туздуулары да бар; айрым көлдөрүнүн музу жайында да эрибейт. Органикалык дүйнөгө жарды. Өсүмдүк менен жаныбарлары Антарктидалык облуска таандык. Флорасынын көпчүлүгү споралуу өсүмдүктөр – мамык чөп, эңилчек, балыр, козу карын жана бактериялар. Антарктида жарым аралында гүлдүү өсүмдүктөр, папоротник сымалдар кездешет. Aнтарктидада учуучу курт-кумурска, кургакта жашоочу сүт эмүүчүлөр, балык жок. Канаттуулардан пингвиндер; муунак буттуулардан кенекуйрук буттуулар ж. б. кездешет. Aнтарктидада туруктуу жашаган эл жок. Материкте жана ага жакын аралдарда 12 өлкөнүн 40ка жакын (1980) илимий станциялары менен базалары бар. Антартиданын укук абалы 1959-жылдагы Эл аралык келишим боюнча жөнгө салынат (к. Антарктика).
Ад.: Атлас Антарктиды. М. Л., ГУГК, 1966, т.1, 1969, т. 2; Марков К. К. и др. География Антарктиды. М., 1966; География Антарктиды. М., 1968.
М. Кадыркулов.