АНКАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:04, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКАРА (1930-ж. чейин Ангора, байыркы Анкира) – Түркиянын борбор шаары (1923-жылдан). Анкара илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Анадолу бөксө тоосунда, Анкара жана Чубук дарыяларынын кошулган жеринде деңиз деңгээлинен 891 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 5,3 млн (2015); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Стамбулдан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Эсенбога эл аралык аэропорту иштейт. Анатолиянын байыркы шаарларынын бири. Биздин заманга чейин 7-кылымда фригиялыктар тарабынан негизделип, Лидия мамлекетинин курамына кирген. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда байыркы фарс сатраптары бийлеп турган. Биздин зманга чейин 331-ж. Александр Македонский басып алган. 189–25-ж. (биздин заманга чейин) келт-галаттар мамлекетинин администрация борбору. Андан соң 4 кылым бою Рим империясынын, 395–1073-ж. Византиянын ээлиги. 1356-ж. алгачкы жолу Осмон империясынын карамагына кирген. Анкара салгылашынан кийин (1402) шаар Тимурдун колуна өткөн. Бирок, бир нече жылдан кийин Осмон падышачылыгынын бир провинциясынын администрация борбору болуп, Анатолияда ангора эчкисинин тыбытын иштетип, андан жасалган буюмдарды сатуу менен белгилүү болгон. 1864-жылдан Анадолу вилайетинин, 1-дүйнөлүк согуштан кийин түрк элинин көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшүнүн борбору. 1920-ж. 23-апрелден Түркиянын Улуу Улуттук чогулушу иштей баштаган (башында Мустафа Кемалпапта Ататурк турган). Анын чечими менен 1923-жылдын 13-октябрынан Түрк Республикасынын борбору болуп жарыяланган. Август жана Рома храмы (биздин заманга чейин 2-кылым), термалар (2-кылымдын аягы 3-кылымдын башталышы), Юлиан колоннасы (4-кылым), шаар дубалдары (Август доорундагы; бир канча жолу оңдолгон), Ала ад-Дин мечити (1778), Арсланханда (1210, 1330-ж. кайра курулган), жана Ахи-Элванда мечиттер (1382), үстү жабык Махмуд-паша базары (бедестан; 1464–71-ж. аралыгы) сакталган. Шаар 1920-жылдан өнүгө баштаган. Эски шаардан түштүккө карай акыркы архитектуралык үлгүдө салынган жаңы шаар өсүп чыкты. Президент ак сарайы, театрлар, университеттер, консерватория, Улуттук китепкана, туташ көркөм архитектуралык ансамблдер курулду. Туура пландаштырылган көп этаждуу имараттар, коттедждер, жашылдандырылган көчөлөр, министрликтердин комплекстери (1920), Кемал Ататүрктүн мавзолейи (1944–53) жана эстелиги (1970– 71) тургузулду. Машина куруу (трактор кураштыруу, айыл чарба техникалары, кыймылдаткычтар), металлургия, курал-жарак өнөр жай ишканалары, аэрокосмостук (биргелешкен Америка-Түркия) заводу, тамак-аш, жеңил, химия, жыгаччылык, курулуш-материалдар өнөр жайлары бар. Илгертеден салт болуп калган металлдан эмерек жасоо, килем токуу, кылторко өндүрүшү өнүккөн. Анкарада шариктүү подшипниктер, дизель (биргелешкен Германия-Түркия), кыймыл берүүчү куту (коробка) жана диамез үчүн жабдуу чыгаруучу өлкөнүн уникалдуу өнөр жай ишканалары жайгашкан.
С. Айткулова, Н. Жылдызова.