АНКЕР БЕКИТКИЧ
Jump to navigation
Jump to search
АНКЕР БЕКИТКИЧ, штангалык – кен казууда тоотек массивине бекитилген темир, темир-бетон, айрым учурда жыгач өзөкчө. А. б-нин негизги элементи – уз. 0,7-3 м келген металл анкер (штанга). Ал бургуланган шпурга киргизилип, шынаа, кергич бөрк жана гайка менен бекитилет. Кен казууда темир-бетон анкери колдонулганда шпурга болот зым арматурасы орнотулуп, ага кум-цемент аралашмасы толтурулуп жасалат. А. б-тин жардамы менен тоотектердин бошураак катмары бир кыйла чың катмарга ныкталып жабыштырылганда, ал урабай бекем болуп калат.�т.