АНЖЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЖЫР (Ficus carica) – өсүмдүктөрдүн тыттар тукумунун фикус уруусундагы субтропиктик мөмө дарагы. Бийиктиги 12-15 м. Сөңгөгүнүн диаметри. 0,2 – 0,5 м. Тамыры жоон, бутактап өсөт. Күбүлмө жалбырагы жазы, 7 тилкелүү. Майда гүлдөрү алмурут сымал, топ гүлү сиконияга чогулган. Ири мөмөсү көп уруктуу, тоголок же алмурутка окшош, таттуу, жумшак, салмагы 32-77 г. Курамында

АНЖЫР 93.png

кант, пектин заттар, А, С, Blf В2 витаминдери, каротин, кальций, темир, фосфор бар. Мөмөсү жумшак болгондуктан, көпкө сакталбайт. Жаңы кезинде, кургатылып желет, кыям, компот даярдалат. А.– эки үлүштүү өсүмдүк, 2-3 жылдыгынан баштап мөмө байлап, 50-80 жылга чейин мол түшүм берет. Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Кичи Азия, Иран жана Индияда жапайы түрү өсөт. Кавказда, Орто Азияда, Крымда жапайы жана эгилме түрү бар. Кыргызстандын Ош облусунда өстүрүлөт. Кызыл китепке катталган.