АТЛАНТИКА ОКЕАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (аты байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп ‒ Атлантка карата коюлган) ‒ чоӊдугу жагынан жер жүзүндөгү (Тынч океандан кийин) 2-океан. Чыгышынан Европа ж-а Африка, батышынан Түн. ж-а Түш. Америка, Түштүгүнөн Антарктика м-н чектешет. Аянты деӊиздери м-н кошо (аралдарды кошпогондо) 91,6млн км2, орт. тереӊдиги 3600 м, эӊ тереӊ жери 8742 м (Пуэрто-Рико кобулу), суусунун көлөмү 329,7 млн км3.

Ж э э к т е р и. Түн. жарым шарда жээктери өтө булуӊ-буйткалуу. Мында А. о-нын бардык деӊиздери (Балтика, Түн., Жер Ортолук, Кара, Кариб ж. б.) ж-а ири булуӊдары (Бискайя, Гвинея ж. б.) жайгашкан. А. о-нын маанилүү өзгөчөлүгү ‒ жер ортолук деӊиздердин (батышында Мексика булуӊу м-н Кариб деӊизи, чыгышында Жер Ортолук деӊиз) кургактыкка миӊдеген км кирип турушунда. Түш. жарым шардагы жээктеринде булуӊ-буйтка (деӊиздери: Уэдделл, Скотия, Лазарев) аз.
А р а л д а р ы. Негизинен материктен бөлүнүп калган аралдар басымдуу: Британ, Ньюфаунд ленд, Чоӊ ж-а Кичи Антил, Канария, Жашыл Тумшук аралдары, Фолкленд (Мальвин). Жанар тоо а. (Азор, Тристан-да-Кунья, Ыйык Елена ж. б.) м-н коралл (шуру) алардары. (Багама а. ж. б.) чектелүү гана аянтты ээлейт. Аралдарынын жалпы аянты 1070 миӊ км2.
О к е а н т ү б ү н ү н р е л ь е ф и. А. о-нын жээктерин бойлой кууш тилкени түзүп (Аргентина м-н Түн. Американын жээгин ондогон км, Түн. деӊиздин жээгинде жүздөгөн кмге чейин) материктик тайыздык (шельф) созулуп жатат. Анын сырткы чети негизинен 100 мден 500 мге чейинки тереӊдикте жайгашкан. Материктик капталдары тик, суу астындагы каньондор м-н тилмеленген. А. о-н түндүктөн түштүктү карай жээкке жарыш суу астындагы Атлантика Ортолук кырка тоосу кесип өтөт. Океан бетинен кырка тоонун чокусуна чейинки тереӊдик 3000мдей. Атлантика Ортолук кырка тоонун батыш ж-а чыгыш тараптарында суу астында гы платолор (Бермуда, Риу-Гранди), кырка тоолор (Түш. Антил ж. б.) ж-а дөӊсөөлөр Лабрадор , Түн. Африка, Гвиана, Бразилия, Кап, Африка-Антарктика ж. б. ири чуӊкурдуктарды (орт. тереӊдиги 3000 мден 7300 мге чейин) бөлүп турат.
О к е а н т ү б ү н д ө г ү ч ө к м ө л ө р. Терриген чөкмөлөрү (шагыл таштан эӊ майда чопо же пелит бүртүрчөлөрүнө чейинки) шельф, материктик каптал ж-а материк этегинде таралып, АКШ, Түн. Бразилия, Аргентина, Антарктиданын жээктерин кеӊири тилке түрүндө курчап турат. А. о-нда акиташ тектүү органоген чөкмөлөрү (негизинен фораминифер же глобигерин баткактары) көп таралып, Исландиядан (түндүктө) 57‒58° түш. кеӊдикке чейин океан түбүнүн 67,5%ин ээлейт. Бардык чуӊкурдуктардын таманын кызыл чопо жаап жатат. Кен байлыктары: нефть, газ, темир-марганец конкрециясы ж. б.
К л и м а т ы. А. о. бардык климаттык алкактарда ‒ экватордук климаттан субаркти калык (түндүктө) ж-а антарктикалык климатка (түштүктө) чейинки алкактарда жайгашкан. А. о-нын үстүндө атм. басымдын төрт борбору жайгашкан: Исландия ж-а Антарктика минимумдары, Түн. Атлантика ж-а Түш. Атлантика максимумдары. Алар башка жактагы атм. басым м-н өз ара аракетке келип, мелүүн алкакта батыштан соккон катуу шамалды, субтропик ж-а тропик алкактарында түн.-чыгыш ж-а түш.-чыгыштан соккон шамалдарды (пассатты) пайда кылат. Түш. жарым шардын мелүүн алкагы на өтө катуу шамал, түн. тропиктик кеӊдиктерге вест-индия ураганы деп аталган тропик шамалы мүнөздүү.
Г и д р о л о г и я л ы к р е ж и м и. Атм. циркуляциясынын таасиринен А. о-ндагы үстүнкү агымы субтропик ж-а тропик кеӊдикте ринде антициклондук, түн. мелүүн ж-а түш. жогорку кеӊдиктерде циклон айлампаларын пайда кылат. А. о-нын түн. бөлүгүнүн мүнөздүү белгилери ‒ Гольфстрим деп аталган жылуу агымдар системасы. Түн. антициклондук айлампанын батыш ж-а түн. чет жакаларын Гольфстрим ж-а анын уландысы ‒ Түн. Атлантика агымы, чыгыш четин Канар муздак агымы, түш. четин Түн. Пассат жылуу агымы түзөт. Түн. циклондук айлампа Түн. Атлантика ж-а Ирмингер жылуу, Лабрадор муздак агымдарынын таасиринен болот. А. о-нын түш. бөлүгүндө антициклондук айлампа Түш. Пассат ж-а Бразилия жылуу, Батыш Шамал ж-а Бенгал муздак агымдарынан пайда болот. Океан суусунун бетиндеги темп-ра кышкысын февралда (А. о-нын түш. бөлүгүндөгү темп-ра августта): 28°Сден (экватордо) 6°Сге (60° түн. кеӊдикте) ж-а ‒1°Сге (60° түш. кеӊдикте) чейин; жайкысын августта (түш. бөлүгүндө февралда): 26°Сден (экватордо) 10°Сге (60° түн. кеӊдикте) ж-а 0°Сге (60° түш. кеӊдикте) чейин. Туздуулугу 34,0‒37,3‰. Суунун эӊ тыгыздыгы түн.-чыгышында ж-а түштүгүндө 1027 кг/м3; экваторго карай суунун тыгыздыгы 1022,5 кг/м3ге чейин азаят. Көбүнчө суткасына 2 жолу ташкындайт (бийикт. 18 мге чейин, Фанди булуӊунда); айрым жеринде 0,5‒2,2 м.
М у з д а р ы. А. о-нын түн. бөлүгүндө муз мелүүн алкактагы ички деӊиздерде гана (Балтика, Түн. ж-а Азов, Ыйык Лаврентий булуӊу) тоӊот. Океандын кургактыктан алыс бөлүгүнө муз ж-а айсбергдер Түн. Муз океанынан (Гренландия ж-а Баффин деӊиздеринен) келет. А. о-нын түш. бөлүгүндө муз ж-а айсберг Антарктиданын жээгинде ж-а Уэдделл деӊизинде пайда болгон.
Ө с ү м д ү к т ө р ү ж-а ж а н ы б а р л а р ы. А. о-нда өсүмдүк ж-а жаныбарлардын 200 миӊ түрү бар. Планктондун кыйла массасын рак сымалдар ‒ амфипод ж-а эуфаузинддер түзөт. Эуфаузинддердин ичинен криль ‒ муруттуу киттин (Антарктиданын жээктеринде көп кездешет) негизги азыгы. Балыктын 15 миӊден ашуун, кит м-н калак буттуулардын 100дөй түрү бар. А. о-нын тропиктик бөлүгүнүн өсүмдүк ж-а жаныбарлар дүйнөсү ар түрдүү, бирок сан жагынан (бир түрдөгү өсүмдүк ж-а жаныбарлардын саны) мелүүн ж-а суук зоналардагыдан аз. Тропик алкагында океан түбүндөгү өсүмдүктөр негизинен жашыл ж-а кызыл балырлардан турат. Тропиктен тышкаркы түн. бөлүгүндө күрөӊ балырлар басымдуу, океан түбүнүн жумшак жерлеринде гүлдүү өсүмдүк ‒ зостера өсөт. Тропиктен тышкары түш. бөлүгүнүн литоралында кызыл, сублиторалында күрөӊ балырлар басым

АТЛАНТИКА ОКЕАНЫ31.png

дуу. А. о-на өтө мүнөздүү жаныбарлар: тропик алкагында ‒ радиолярия, сифонофор, медуза, краб, учуучу балык, акула, деӊиз ташбакасы, кашалот; мелүүн ж-а суук алкактарда ‒ калак буттуу рак сымалдар ж-а канат буттуу моллюска, сельдь, треска ж-а камбала балыктары, кит, жаргак буттуулар ж. б. Деӊиз канаттуулары сейрек кездешет. Антарктикада фрегат, альбатрос, пингвиндер ж. б.
Д е ӊ и з п р о м ы с е л и. Дүйнөдө кармалган балыктын 2/5си А. о-на туура келет. Промысел дик мааниси бар балыктын негизги түрлөрү: сельдь, деӊиз окуну, мерлуза, тунец, треска. Балык кармалчу негизги аймактары ‒ Түн. деӊиздеги Доггер-банкасы, Ньюфаундленд а-нын жээгиндеги Чоӊ Ньюфаундленд банкасы. Жалпы балык кармоодо омурткасыздар (устрица, мидия, кальмар) м-н рак сымалдар (омар, краб) да кыйла мааниге ээ. Мексика булуӊу м-н Кариб деӊизинин, Түн. деӊизи м-н Бискайя булуӊунун, Жер Ортолук деӊиздин шельфтеринен нефть, Мексика булуӊунан күкүрт, Консепшен булуӊунун ж-а Ньюфаундленд а-нын чыгыш жээктеринен темир рудасы (Уобана темир кени ‒ дүйнөдөгү эӊ ири кен), марганец (АКШ, Канада, Финляндия), Бразилия, АКШ жээктеринен илменит, циркон, рутил, Африканын түш.-баты шынан алмаз казылып алынат. К е м е к а т н а ш ы. Дүйнөдө кеме м-н ташылган жүктүн 2/3си А. о. аркылуу өтөт. Эӊ ири (ташылган жүктүн өлчөмү б-ча) порттору: Роттердам, Антверпен, Лондон, Нью-Йорк, Гамбург, Генуя, Марсель, Буэнос-Айрес, Кейптаун, Дакар, Санкт-Петербург, Рига, Одесса ‒ Ильичёвск, Новороссийск. Нефть ташуучу ири порттору: Бежаия (Алжир), Марса-эль-Бурейка (Ливия). О. эле к. Дүйнөлүк океан.
Ад.: Харитонов Д. Г. Гидрометеорологическая характеристика северной части Атлантического океана. М. ‒ Л., 1948; Леонтьев О. К. Дно океана. М., 1968; Атлас океанов. Атлантический и Индийский океаны. М., 1978; Физическая география материков и океанов. М., 1988. К. Жумашев.