АНЕВРИЗМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕВРИЗМА (гр. aneurysma – кеңейүү) – кан тамырдын, жүрөк булчуңунун миокард капталынын жукарып, кеңейүүсү. Ал жүрөк инфаркты, атеросклероз, аортанын сезгенүүсү, котон жара ж. б. оорулардан жана жараат алуудан пайда болот. Кан тамыр А-сы жайгашышына жараша артериялык, веналык жана артерия-веналык болуп бөлүнөт. Жүрөк толтосунун А-сы демейде атеросклероз менен ооруган адамдарда көп кездешет. Жүрөктүкү негизинен миокард инфарктынын кабылдоосу болуп, көбүнчө ал сол карынчанын капталында жайгашат. Анын белгиси жайгашышына, көлөмүнө ж. б. себептерге байланыштуу. Кээде ал бейтапка көпкө чейин билинбей өтөт. Көлөмү чоң А. тегерегинде жайгашкан органдарды, ткандарды кыса баштайт. Бул көп учурда жүрөктүн иштешинин бузулушуна алып келет.