АНАТОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:30, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАТОМИЯ (гр. anatome – тилүү, муунга ажыратуу) – организмдердин жана алардын органдары менен системаларынын түзүлүшү, формасы ж-дөгү илим; клеткадан жогорку структураларды үйнөнүүчү морфологиянын бир бөлүгү. Ал жаныбарлар (зоотомия), киши (антропотомия) жана өсүмдүктөр (фитотомия) А-сы болуп бөлүнөт. Жаныбарлар түзүлүшүндөгү окшоштук жана айырманы жаныбардын салыштырмалуу А-сы изилдейт. Адам органынын түзүлүшүн алардын аткарган кызматын билбей туруп, оорулуу же соо кишинин денесиндеги өзгөрүүлөрдү түшүнүү мүмкүн эмес. А. – байыркы илим. Байыркы Египет окумуштуулары өлгөн адамдын денесин бальзамдап катырган. Байыркы индустардын «Билим» аттуу китебинде адам денесинде 500 булчуң, 90 тарамыш, 900 байламта, 24 нерв, 300 сөөк, 107 муун, 9 орган, 400 кан тамыр бар экендиги айтылган. О. кылымда А-нын өсүшүнө Авиценна зор салым кошкон. 16-к-да Леонардо да Винчи,, А. Везалий, Г. Фаллопий, Б. Евстахий ж. б. ж. б. адамдын органдарынын түзүлүшү ж-дө биринчи болуп маалымат беришкен. 1628-ж. У. Гарвей организмде кан айлануу, француз окумуштуусу К. Биша ткань ж-дөгү окуу-гистологияга негиз салган. Россияда А-лык изилдөөлөр ж-дө биринчи маалымат 17-к-га таандык. Өлүктү союп көрүү 1-жолу 18-к-да Москва госпиталында болгон. 18-19-к-дарда орус окумуштуулары: П. А. Загорский, П. Ф. Лесгафт, М. И. Шени, И. И. Пирогов, Д. И. Зернов ж. б. А-нын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Киши денесинин түзүлүшүн изилдөө ыңгайлуу болсун үчүн А. кызматы, түзүлүшү жана өнүгүүсү окшош органдар системасы б-ча баяндалат. Буга байланыштуу А. төмөнкүчө бөлүнөт: остеология – сөөк ж-дөгү; артросиндесмология – муундар жана сөөктөрдү бириктирүүчү байламталар ж-дөгү; миология – булчундар, сплонхология - ички органдар; ангиология – кан жана лимфа системалары, неврология – борб., четки нерв системасы; эндокринология – ички секреция бездери; эстезиология – сезүү органдары ж-дөгү илим. Организмдин жаш өзгөчөлүгүнө жараша органдардын формасы менен түзүлүшүнүн закон ченемдүү өзгөрүшүн изилдөөчү бөлүгү курактык А. деп аталат. Функциялык А. айрым органдар менен системалардын түзүлүшүн жана формасын кызматына жараша изилдейт. Органдардын жана системалардын микроскоптук түзүлүшү ж-дөгү илим – гистология. Оорудан формасы өзгөргөн жана бузулган органдар, ткандар жөнүндөгү илим – патологиялык А. Анын изилдөө ыкмалары да ар түрдүү. Өсүмдүктүн түзүлүшүн өсумдүк анатомиясы үйрөтөт. Ад.: Лесгафт П. Ф. Избранные труды по анатомии. М., 1968; Богоявленский Н. А. Отечественная анатомия и физиология в далеком прошлом. М., 1970..
Б. Бегалиева.