АНАРОВ Алля

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:37, 27 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАРОВ Алля [1907, Ош областы, Араван району, Ачы (Беш-Бадам) айылы – 1979, ошол эле жерде] – а. ч. өндүрүш новатору, эки жолу Социалдык Эмгектин Баатыры (1948,1951), Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты (1945). Коллективдештирүү учурунда алгачкылардан болуп колхозго кирген. 1936-51-ж. Ош облусунун Араван районундагы «Коммунизм» колхозунун звено башчысы. Ал жетектеген звено пахта өстүрүү иштеринде алдынкы агротехникалык ыкмаларды колдонуп, 1948-49-жылдары 6 гектар жердеги, 1950-ж. 10 гектар жердеги пахтанын ар гектарынан мол түшүм өстүрүп алууга жетишкен. 1951-62-ж. ошол эле колхоздун талаачылык бри-

АНАРОВ 72.png

гадасынын, 1962-67-ж. пахтачылык бригадасынын бригадири. 1967-68-ж. жаңы уюшулган «Пахтачы» совхозунун пахтачылык бригадасын жетектеп, ал совхоздун дың жерлерин өздөштүрүүнүн демилгечиси болгон. 1958-62-ж. СССР Жогорку Советинин, 1951-59-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Беш Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.