АНГИОМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:55, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГИОМА (гр. angeion – түтүкчө, кан тамыр, oma – шишик) – кан же лимфа тамырларынан өсүп чыккан зыянсыз шишик. Анын 2 түрү бар: жөнөкөй А.– теридеги же былжыр челдеги тубаса жалпак өсүндү; ал кан тамырлуу калдын негизин түзүп, көгүш түстө; көңдөйлүү А.– тери алдындагы клетчаткада же ички органдарда пайда болот. Айрым учурда андан кан көп кетет. Эгерде ал тез өссө хирургиялык жол, радиотерапия колдонулат.