АНАФОРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАФОРА, (гр. anahora, сөзмө сөз – кайталоо) – бир эле элементтин кайра кайра кайталанышына негизделген стилистикалык каражат. Тыбыштык А. бир эле тыбыштын кайталануусу, строфалык (куплеттик) А.болсо ар бир строфанын (куплеттин) башкы тыбышы же морфемасы, сөзү же сабы кайталанып түзүлөт. А. поэзияда гана эмес, прозада да, өзгөчө жорго сөздө арбын учурайт.