АНАФЕМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАФЕМА (гр. anathema – каргыш) – кудайдын атынан каргоо, эң жогорку жаза катарында чиркөөдөн чыгаруу. Халкиндондо бүткүл ааламдык собордо киргизилген. Ал ар түрдүү тармактагы чиркөөлөр тарабынан саясий максат үчүн диний террордук курал катары прогрессивдүү, демократтык кыймылдарга каршы колдонулган. Россиялык православиялык чиркөөдөн: И. И. Болотников, С. Т. Разин, Е. И. Пугачев, декабристтер ж. б. А. алышкан. 1918-ж. патриарх Тихон Совет бийлигин А-га берген. Азыркы мезгилде Ватикан саясий жана идеол. кысым көрсөтүш үчүн колдонот. Чиркөөдөн башка кыймыл менен байланышса динчилдер да чыгарылат.