АВТОМАТТЫК ЖӨНДӨӨ
АВТОМАТТЫК ЖӨНДӨӨ ‒ технологиялык процессти мүнөздөөчү берилген чоӊдукту өзгөртпөй кармап туруу же аны адамдын түздөн-түз катышуусу-
суз белгилүү закон боюнча өзгөртүү жолу. Автоматтык жөндөө жөндөлүүчү объектинин абалын өлчөп, анын жөндөөчү бөлүгүнө таасир берүү менен жүргүзүлөт. Бул үчүн жөндөлө турган орнотмого жөндөгүч туташтырылат. Автоматтык жөндөөнүн негизги принциптери: а) кыйшаюу боюнча жөндөө (Ползунов ‒ Уатт принциби); б) жүк боюнча жөндөө (Понселе принциби); в) айкалыштырылган жөндөө. Жөндөгүчтүн жөндөөчү бөлүккө тийгизүүчү таасиринин кириш чоӊдуктарына көз карандылыгынын математикалык жазылышы жөндөөнүн закону же алгоритми деп аталат. Жөндөө системасынын калыптанган кыймыл жана өтмө процесс деген негизги эки режими бар. Эгер жөндөгүчтүн жөндөөчү бөлүккө таасири кыйшаюуга гана көз каранды болсо, жөндөлүүчү чоӊдук жүккө көз каранды болот. Мындай системада дайыма статикалык ката кетет. Бирок ар түрдүү байланыштардын жардамы менен статикалык катасы жок жөндөө системасын да түзүүгө болот. Алгачкы жөндөгүчтөрдүн өлчөгүч бөлүктөрү жөндөөчү бөлүккө таасир бере тургандай кылып жасалган жана түз аракеттүү деп аталып, кубаттуу машинелерде колдонулган. Кийин кыйыр аракеттүү, релелүү терс байланышы бар жөндөгүчтөр чыгарылды. Андан соӊ реле байланышы үзгүлтүксүз дифференциалдык байланыш менен алмашылды. Мындай терс байланышы бар жөндөө и з о д р о м д у к жөндөө деп аталып, өнөр жайда кеӊири таралган. Жөндөгүчтөрдө электр элементтеринин колдонулушу жөндөөнүн алгоритмдерин жакшыртып, импульстук жана релелүү жөндөөнү өркүндөттү. Чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайыкталган өзү күүлөнүүчү А. ж. системалары (экстремалдуу жөндөгүчтөр) пайда болду.