АВТОМАТТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:42, 14 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРУУ ‒ өндүрүштө жана маалыматтарды иштетүүдө адамдын кол жана акыл эмгегин алмаштыруу максатында түрдүү техникалык түзүлмөлөрдү жана башкаруу системасын пайдалануу. Автоматташтыруу терминин Ф. Тейлор (АКШ) киргизген (1880). Анын технологияны, өндүрүштү, маалымат процесстерин, долбоорлоо иштерин Автоматташтыруу сыяктуу түрлөрү бар. Азыркы эсептөө техникасынын түрүн, түзүлмөсүн жасоодо түрдүү Автоматташтыруу системалары колдонулат. Эсептөө техникасынан тышкары, Автоматташтыруу системаларынын техникалык базасы аркыл бергичтерден (датчик), өлчөөчү прибордон, аткаруучу жана өзгөртүүчү түзүлмөдөн турат жана аларда робот-техникалык, телекоммуникациялык түзүлмөлөрдө кеӊири колдонулат. Микроэлектрониканын, эсептөөчү техниканын жана анын программалык камсыздоо тармактарынын өсүшү менен материалдык өндүрүштүн коммуникациялык чөйрөсүн, адамзаттын интеллектуалдык иш тармагын Автоматташтырууга шарт түзүлдү. Адамдын физиологиялык мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен космосто, ядролук технологияда, согуш ишинде ж. б-дагы технологиялык процесстер жана жумуштар автоматташтырылган. Автоматташтыруу ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүүнүн, чыгарылган товардын сапатын жакшыртуунун, анын өз наркын төмөндөтүүнүн негизи.

Ж. И. Батырканов.